МАЙЫПТЫГЫ БАР АЯЛДАР КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН ЧЕГИНДЕ

Жарымынан ураганы калган үй, короодо агып жаткан сууга жеткенге мүмкүнчүлүктүн жоктугу, дарынын жетишсиздиги – бул 34 жаштагы Айгеримдин (аты өзгөрүлдү) COVID-карантин маалында башынан өткөргөн кыйынчылыктардын толук эмес  тизмеси. Ал кол арабанын жардамы менен жүргөн майыптуулугу бар ички мигрант аял.

Пандемия күчүнө кирген маалда киргизилген карантин учурунда Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилген жана медициналык кызмат чектелүү болгон учурда Айгерим өтө кыйынчылыктарда жашады. Ал Пандемия баштала элек учурда Баткенден Бишкекке келип, майыптуулугу бар  адамдар үчүн тренингдерге катышып жүргөн жана андан кийин үйдөн иштей баштаган.

Бирок COVID-19  анын пландарын өзгөрттү.

Анын дене табы көтөрүлүп, алы куруп бир нече күн кыйналды. Айгерим өтө кыйын кырдаалга туш келди, себеби ага ажатканага баруунун өзү эле чоң түйшүк жаратты. Өз алдынча суу алып, суусунун кандыруу мүмкүнчүлүгү да кыйынчылыкка турду.

Мурда жардам берип жүргөн, Чүй облусунун жанындагы айылда жашаган ассистент коменданттык сааттын жана Бишкек шаарына санитардык-карантиндик посттон өтүүгө тыюу салынгандыктын айынан Айгеримге жете албай жатты.

Майыптуулугу барлардын көбүнүн мындай оор кырдаалга кептелгендиги мындай адамдардын социалдык коргоо системасынын даярдыгынын жоктугуна байланыштуу ого бетер тереңдеген. Алар кыйналышып, дене табы ысып жатышты, медициналык кызматка жана дары-дармектерге жеткиликсиз  болушту.

«Кыргызстанда карантин киргизилгенде мындай өзгөчө кырдаалда калган адамдарга жардам берүү үчүн маалыматтын топтому жок болчу», – дейт үч жүз майыптуулугу бар жарандын башын бириктирген «Равенство» майыптуулугу бар адамдардын бирикмеси» КБнын төрайымы  Гульмира  Казакунова.

Дагы башка көйгөй – өзгөчө кырдаалдарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жардам берүү механизмдеринин укуктук базасынын жоктугу болду. Ошондуктан, активисттер бул оор кырдаалда жардамдарды  колунан келишинче өзүлөрү уюштурушту же персоналдык арыздар менен профилдик уюмдарга кайрылып жатышты.

Пандемия маалында калктын аялуу катмарына карата стигманын жана басынтуунун көбөйгөн, ал фактыларды КРдагы Теңчилик үчүн коалициянын эксперттери документтештиришкен.

«Назик Кыз» уюмунун маалыматы боюнча бул расмий эмес бирикмеге кирген майыптуулугу бар көптөгөн аялдар карантин маалында ачкачылыкта калышкан. 2020-жылдын апрелиндеги пандемияда капыстан киргизилген Өзгөчө кырдаалга байланыштуу алардын басымдуу бөлүгү өзүлөрүнүн пенсияларын же жөлөк пулдарын  ала албай же банктан чыгара албай калышкан. Майыптуулугу бар адамдардын өз алдынча банкка жетүүсү жана кезекке туруусу өтө кыйынга турган, себеби коомдук транспорт дагы иштеген эмес.

«Майыптуулугу бар аялдардын ачкачылыгынын кооптуу деңгээли, медициналык жардамга жеткиликтүүлүгү, жашоого каражатсыз калуусу алардын колдоо жана жардам алууга мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты», – дешет  коалициядагылар.

2020-жылы КРдагы бир катар уюмдар чыгарган «КРдагы аялдардын жана эркектердин абалына COVID-19 оорусунун таасири. Оперативдүү гендердик талдоо» деген изилдөөнүн маалыматына караганда алгачкы таанылган майыптуулугу барлардын ичинен аялзатынын саны 43%ды түзгөн.

Карантин маалында майыптуулугу бар аялдар репродуктивдүү саламаттык тармагындагы медициналык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу кошумча түйшүктөргө жана чакырыктарга туш болгон.

 

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *