ВИЧ+ мигрант аялдарда терапия мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу

Эксперттер Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жарандардын жашаган жеринен ВИЧ боюнча дарылануусу тууралуу келишим жок болгондуктан ВИЧ инфекциясы бар мигрант аялдардын ден соолук укугунун бузулушу тууралуу айтып жатышат.

Пандемия жана карантин Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үчүн сокку болду. Алардын айрымдары мекенине кайтканы менен айрымдарында андай мүмкүнчүлүк болгон жок.

Укук коргоочулар кыргызстандык мигрант аялдар үзгүлтүксүз ичип турушу керек болгон антиретровирустук дарыларга жете албай калган учурлардын кеминде ону катталганын айтышты.

Алардын айрымдары Бишкектеги республикалык “СПИД” борборунда каттоодо турушат. Пандемияга чейин алар жарым жыл сайын Кыргызстанга келип, вируска анализ тапшырып, антиретровирустук препараттарды бекер алып кетишчү. COVID-19га байланыштуу чектөөлөр киргизилип, чек аралар жабылып калганда мигрант кыз-келиндер тийиштүү дарыларды ала албай калышты.

«Орусияда ВИЧи бар мигранттарга жардам берилбейт, орусиялык медицина мекемелерине каттоого туруу мүмкүн эмес, дарылана албайсың, – дейт ВИЧ -инфекциясын алдын алуу менен алектенген орусиялык кайрымдуулук фонддорунун биринин кызматкери Диана. – Кыргызстандык уюмдар [эмгек мигранттары менен иштеген] мигранттарды [ушул топту] унутуп коюп жатканы абдан өкүнүчтүү».

Диана Москвадагы ушундай учурларды документтештирүү менен алектенип, оорчулукка туш болгон кыргызстандык 10 мигрант келинди аныктады. Негизинен алар эмгек миграциясына Оштон жана Жалал-Абаддан барган ВИЧ жуккан трансаялдар болчу.

Коомдогу трансфобиянын көптүгү, полициянын куугунтугуна кабылуу коркунучу (орусиялык мыйзамдар боюнча ВИЧ-позитивдүү чет өлкөлүктөр депортация болот), дарыкананын кызматкерлеринен коркуу 2020-жылдагы карантин маалында мигрант келиндерге жашаган жеринен чыгып, дарыга барып келүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей койгон.

Ошол окуяларга комментарий берип жатып БУУнун ВИЧ/СПИД (ЮНЭЙДС) боюнча Бириккен программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева кырдаалды “өтө татаал” деп мүнөздөдү. Ал ВИЧ менен жашаган адамдардын дарыланууга мүмкүнчүлүк алуусуна байланыштуу Орусия менен өкмөт аралык макулдашуу жоктугун, бул жагдай көйгөйдү курчутуп жатканын жүйө келтирди.

Сарыбаева окшош мисал келтирип, карантин маалында чек аралар жабылып, авиакаттам токтоп калганда Кыргызстанда жашаган ВИЧи бар чет өлкөлүктөр терапиясыз калганын билдирди. Бирок жергиликтүү мыйзамдар боюнча алар бекер дарыланууга укуктуу болчу, себеби дарыларды гуманитардык жардам иретинде СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд бөлүп берет.

«Биздин демилгелердин баарынын себепкери адамдын саламаттыгы болушу керек деп эсептейбиз», – дейт ал.

ЮНЭЙДС уюму жана республикалык “СПИД” борбору өнөктөш жана өкмөттүк эмес уюмардын жардамы менен Орусиядагы бейтаптардын бир тобуна дары-дармек берип жиберүүгө жетишишти. Бирок көйгөй дагы эле бар жана анын чечилиши коомдун басмырлануучу топторго карата мамилесинен да көз каранды.

Сарыбаева белгилегендей, мигранттар “жалпысынан каралышы” керек жана аларды тигил же бул тобокел топко бөлүп кароонун зарылчылыгы жок.

 

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *