Пандемия майыптуулардын медицинага жеткиликтүүлүгүн чектеди

Пандемия майыптуулардын медицинага жеткиликтүүлүгүн чектеди

Пандемия маалында чектөө иш-чаралары Кыргызстандагы социалдык  аялуу топторду басынтууну күчөтөт жана алардын укугун чектейт.

Майыптууларды басмырлоо фактыларын документтештирген активисттер  жалгыз калган майыптууларга, көзү начар көргөндөргө жана начар уккандарга, ошондой эле менталдык жактан майыптарга жекече кам көрүү керектигин айтышууда.

Социалдык жардам көрсөтүүчү атайын топтор, «ишеним телефондору», жашоого маанилүү дары-дармектердин кошумча тизмеси жана кайра калыбына келтирүү бөлмөлөрү – бул пандемия маалында майыптууларга колдоо көрсөтүүчү жана өмүрүн сактап калчу аргалар.

Аскар Турдугулов, активист, «Жизнь после травмы позвоночника» (Омуртка жаракат алгандан кийинки жашоо), видеоканалын алып баруучу, майыптуулардын кырдаалдарына көз салган блогер. Ал  карантин маалында менталдык жактан жабыркаган адамдар эмне болуп жаткандыгын түшүнө да алышкан жок дейт. Мына ошонун  кесепетинен кээ бирлер депрессияга түшүп кетишти, кээ бири андан да жаман абалда болду. Бирок, эч жактан жардам келген жок деген оюн билдирген.

«Жакында менталдык майыптыгы бар бир кыз өтүп кетти – дейт блогер. – бул көңүл чөккөндүгүнөн болду».

Турдугулов Кыргызстандагы  2020-жылдын мартында катталган COVID-19 пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдын киргизилишиндеги медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктүн бузулушуна көңүл бурдурган.

Ал «туура эмес дарылоо  же өз убагында дарылабоону», «дарыгерлердин жоктугун», «[Майыптууларга] үйгө дарыгерлерден эч ким келбей койгондугун» факт катары келтирген. Мындан бөлөк, анын сөзү боюнча «гуманитардык жардам [майыптууларга] көрсөтүү зарылчылыкка жараша эмес, баш-аламан болгон».

Кыймыл-аракети чектелген, майып араба пайдалангандар COVID-19 оорусунун биринчи толкунунда транспорттук чектөө киргизилгендигине жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишмердигинин өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу физикалык жеткиликтүүлүгү чектелген – дейт Балдардын укугун жана кызыкчылыгын жайылтуу боюнча Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын изилдөөчүлөрү.

«Эгерде бирөө жарым COVID-19 менен ооруп калса алар инфраструктуранын ыңгайлашпагандыгынын жана финансылык каражаттарынын жоктугунун жана дары ала албагандыгынын айынан КТдан өткөнгө, өпкөсүн рентгенге тарттырганга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болгон», – делет Ассоциация жакында жарыялаган отчетунда.

Карантин маалында майыптыгы бар аялдардын арасында ачка калгандар көп болгондугун Теңдик үчүн Коалиция, адам укуктары  жана басынтуунун бардык формалары жана ксенофобияга каршы күрөшкөн  Кыргызстандын расмий эмес   бир катар уюмдары каттаган.

Өзгөчө кырдаал маалында майыптуу аялдардын көбү өзүнүн жөлөк пулун же пенсияларын ала албай же банк эсептеринен албай калышкан. Майыптуу адамдарга өз алдынча банкка барууга жана ал жерде кезек күтүүгө өтө оор болгон, себеби коомдук транспорт иштебей жаткан.

Мында кырдаал жашоо менен аёосуз күрөшүүгө мажбурлаган деп белгилейт Коалиция.

Майыптуу, үзгүлтүксүз жардамга муктаж аялдардын дагы бир тобу саламаттык сактоо системасына жеткиликтүүлүктө кыйынчылыкка кептелишкен, ал эми алардын жардамчылары аларга жете алышкан эмес.

Жалгыздап жашаган майыптуу адамдар Кыргызстандагы  өзгөчө кырдаал  жарыяланган шаарлар боюнча эркин жүрө алган эмес.

Майыптуу адамдарга ошол оор мезгилде негизинен ыктыярчылар жана ӨЭУлар  жардам берип жатышты, бирок бул жеткиликтүү болгон эмес.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын март айынан баштап бул макала жарыяланган аралыкта Кыргызстанда COVID-19  менен ооругандардын  саны 85 071 жеткен, ал эми алардын ичинен  1 426 каза болгон.

Күн сайын чыккан статистикада оорунун саны мурдагы жылкыга салыштырганда аз көрүнгөнү менен укук коргоочулар  пандемия коркунучу бар дешүүдө.

Ошондуктан мамлекет адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугунун кепилдеши жана  басынтуудан алыс болуусун камсыздашы керек.

Анан да бийликтегилер майыптууларга жардам берүүдө ишти жакшы башкарышы үчүн Турдугулов бардык операторлордон акысыз чала турган ишеним телефон каналын, ал эми начар уккандар үчүн Telegram-бот  ачууну сунуштады.

Майыптуулардын укугун жайылтуунун башка чарасына ооруканаларга жеткиликтүүлүк, кезек күтүүдө жана тез жардам чакырууда тоскоолдуксуз тейлөө болушу керек.  Буга ошондой эле, өтө муктаж дары-дармектердин тизмесин дагы кошуу туура.

«Социалдык коргоонун райондук башкармачылыгында майыптуу жалгыз жашаган адамдардын тизмеси болушу керек. Биринчиден мына ошолорго барып, алардан кабар алып, телефон чалыш керек болчу. Бирок, эч ким анткен эмес»,- дейт активист.

2019-жылы Кыргызстан БУУнун Майыптуулардын укуктары жөнүндө конвенциясына кошулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жеткиликтүү чөйрө жана инфраструктура менен камсыз кылуу, аларга бардык укуктар менен эркиндиктерди камдоо, ошондой эле жакынкы 10 жылга финансылык пакет каралган бул программаны ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган.

Фото Аскар Турдугуловдун жеке архивинен

 

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *