«Ковид эмес» тастыктамасы коронавирустан каза болгондорду көмүүгө уруксат кагазы болду

«Ковид эмес» тастыктамасы коронавирустан каза болгондорду көмүүгө уруксат кагазы болду

Нарын облусунун Жумгал районунун 85 жаштагы тургуну Калыйча апа COVID-19 менен ооруп, Бишкекте каза болгон. Маркумдун туугандары аны дарыгерден өтүнүп, өлгөндүгү жөнүндө “ковид эмес” деген тастыктама жаздырып алгандан кийин гана жерге бере алышкан.

Уулунун айтымында, Калыйча апа ооруну башка айылдаштары сыяктуу эле жашаган айылынан жуктуруп алган. Үй-бүлөсү аны Чаектеги райондук ооруканага алып барган. Ал жактын дарыгерлери “ооруканада орун жок” деп, ар шылтоону айтып,  жаткыруудан баш тартышкан. Туугандарынын зээнин кейиткени – дарыгерлер апа айыкпай турганын айтып,  “айыгуусуна эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин жана жамандыкка даярдана берүү керектигин”  билдиргени болгон.

«Биз апабызды Бишкекке алып барууну чечтик, – дейт уулу, – Oшентип, ашуу ашып, тоо аралап жол жүрдүк».

239 чакырымдык жол кары кишинин туугандары үчүн өмүргө тете көрүндү. Жолду ката машинени улам токтотуп, апасы дем алып жатабы же жокпу, кан басымы жана дене табы кандай, улам текшерип туруш керек болду.

Думуккан Бишкек

2020-жылдын аптаптуу июлундагы абал жапырт пандемия жана коронавирустун жайылышы, күндүзгү стационарлардан жардам алууга жанталашкан адамдардын көптүгү менен татаалдашты. ЖМКда доктурга жетпей, оорукананын кире беришинде үзүлгөн бир нече бейтап тууралуу кабарлар тарап жатты.

Бишкек дары-дармектин жоктугунан, дарыканаларда жана рентген бөлмөлөрүндө күнү-түнү токтобогон кезектерден думугуп турган эле. Шаар ичи кээде кооптуу тынчтыкка бөлөнүп, тез жардам машиналарынын үнү гана өлүм менен алышып жаткандарга шашып жөнөгөн бригадалар тууралуу эске салып жатты.

Борбор шаарга келгенден кийин жакындары жеке бейтапканалардын биринде апасы менен кошо узун кезекке туруп, тест тапшыртып, анализи чыккандан кийин дарыгерден дайындоо алышат. Бирок бейтапты ооруканага кабыл албай коюшат, анткени орун жок эле. Ал маалда Бишкектеги ооруканаларда жатканга керебет өтө тартыш болчу.

“Токсонго карап калган апабызды өзүбүз үйдө дарылоого мажбур болдук. Абалы өтө начарлаган учурда шаардык тез жардамды чакырып жаттык, бирок алар ошол күнү келе албай, эки суткадан кийин барарын айтканы менен келишкен жок»,- дешти Калыйча апанын туугандары. – Чукул жардам кызматынын операторлору 118 номери аркылуу бизди кезекке тургузуп, машина тартыш экенин айтып жатышты”.

Бир кезде апанын абалы өтө начарлап кеткенде тез жардам келди, бирок дарыгер аны ооруканага жаткыруунун кажети жок экенин, эки өпкөсүнө суу толуп калганын айтып, таңдан чыкпай турганын билдирди. Аябай эле кеч болуп калган экен: тез жардам келип кеткенден бир нече саат өткөндөн кийин, 2020-жылдын 28-июлунда Калыйча апа көз жумду.

Жерге берүүнү татыктуу өткөрүү укугунан ажыроо

Бирок көйгөй муну менен бүтүп калган жок.

Калыйча апанын жакындары мусулманчылыктын диний жөрөлгөлөрүнө таянып, сөөктү болушунча тезирээк жакын жердеги көрүстөнгө көмүүнү чечишет.

Маркумдун туугандары КР Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык бардык эрежелерди сактоого аракет кылып, сөөктү Бишкектин чет жакасындагы көрүстөнгө жеткирүүгө даярдашты.

Андан мурдараак, пандемия курчуп турган чакта, 2020-жылдын 14-июлунда Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан жана пневмониядан каза болгондорду кантип көмүү керектиги тууралуу атайын буйрук чыгарган.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова мындай категориядагы адамды кантип көмүү керектиги жөнүндө атайын усул иштелип чыккандыгын билдирген. Негизги принциптер – сөөктү көп жылдыра берүүгө болбойт, көмүүгө катышкандар гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сакташы керек. КР Саламаттык сактоо министрлигинин убактылуу  усулдук сунуштамаларында COVID-19дан каза болгондор үчүн өзүнчө көрүстөн талап кылынбай турганы жазылган. Каза болгондор Бишкектин Аза кызматын көрсөтүү агенттигине караштуу алты көрүстөнгө коюлса болору айтылган.

Каза болгон бейтаптар, Кыргызстанда, катталган жана жашаган жеринде көмүлүшү талап кылынат. Калыйча апа көз жумган кезде Бишкектин көрүстөндөрүндө COVID-19дан кайтыш болгондорду көмүүгө байланыштуу көйгөй жаралып тургандыктан жакындары аны жерге берүүгө уруксат ала албай коюшкан. Буга тажиялар көп болуп, көр казууга жумушчу жетишпегенден тышкары ооруну жуктуруп алуу коркунучу жана коронавируска чалдыкканадарга карата стигма себеп болду.

“Бишкектеги бейтапканалардын биринде иштеген дарыгерден суранып, башкача тастыктама жаздырып алуудан башка аргабыз калган жок, – дейт Калыйча апанын уулу, – Ал апабыз коронавирустан эмес, кан басымына байланыштуу (андай оорусу чын эле бар болчу) каза болгонун жазып берди. Ошентип, июлдун ысыгында сөөктү көптөгөн чакырым алыска ташып отурбай, тезирээк жерге берүүгө шарт түзүлдү”.

Ал “ковид эмес” деген тастыктама алып, туугандарын жакынкы көрүстөнгө койгон бир нече таанышы бар экенин да айтып берди.

Конституциялык укуктар ар бир адамга каза болгондон кийин ата-тегине, динине жана башка өзгөчөлүгүнө карабастан татыктуу көмүлүүсүн кепилдейт. Өлгөн адамды татыктуу жерге берүү инсандын ар-намысын коргоого, эркиндик жана жеке кол тийбестик укугуна байланышкан. Бул укуктар, КР Конституциясына ылайык, биздин өлкөнүн укуктук системасынын бир бөлүгү болгон тийиштүү жалпыга таанылган принциптерден жана эл аралык укук нормаларынан келип чыгат.

Теңчилик үчүн Коалициянын юристи жана укук коргоочу Эржан Кайып жарандардын татыктуу көмүлүү укугуна тоскоолдук кылуу аракети болгон ушул жана башка окуяларды комментарийлеп жатып  Кыргызстан коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы өзгөчө абал жана өзгөчө  кырдаал учурунда эл аралык милдеттенмелерин бузганын айтты.

«Буга далил,- дейт юрист, – КР Өкмөтүнүн коронавирус пандемиясына толук даярдык жөнүндө билдирүүсүнө карабастан медициналык тейлөөнүн бирдей жеткиликтүү болбогону, медициналык жардам көрсөтүлбөй калган же бейтаптын жаш курагына (Калыйча апанын окуясы) жана башка жагдайларга карата ар башка мамиле жасалган көптөгөн фактылар”.

Кыргызстан ратификациялаган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын 12-беренесине ылайык, ар бир адамдын дене жана психикалык саламаттыгынын мүмкүн болушунча эң жогорку деңгээлине болгон укугун толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттик чаралар төмөнкү иш-чараларды камтышы керек:

– эпидемиялык, эндемикалык, кесиптик жана башка ооруларды алдын алуу, дарылоо жана аларга каршы күрөшүү;

– ооруган учурда ар бир адамды медициналык жардам жана медициналык көзөмөл менен камсыздай турган шарттарды түзүү.

Пактта каралган укуктар расага, теринин түсүнө, жынысына, курагына, тилине, динине, саясий же башка ишенимине, улутуна же социалдык тегине, мүлктүк абалына, төрөлүүсүнө же башка кырдаалына карабастан ишке ашырылышы керек.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2021-жылдын 30-январындагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны 84 453 адамга, алардын ичинен 2020-жылдан бери пневмонияны кошкондо көз жумгандардын саны 1 411 адамга жеткен.

Интернеттен алынган иллюстративдик сүрөт.

 

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *