COVID-19 пандемиясы үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө алып келди

COVID-19 пандемиясы үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө алып келди

Кыргызстандагы кризистик борборлордун адистеринин пикиринде, уланып жаткан эпидемия шартында кесепеттерди жумшартуу үчүн таасирди күчөтүү жана чаралардын атайын комплексин иштеп чыгуу талап кылынат.

Коронавирустун жайылышы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө “тымызын пандемия” – аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун күчөшү менен коштолууда. Кыргызстан да бул көрүнүштөн четте калган жок.

Жергиликтүү укук коргоочулар үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыгуучу стресске түрткү болгон жана аялдар менен балдарга карата зомбулук коркунучун күчөткөн социалдык обочолонуу маалында документтештирген айрым кейстерге көңүл буруп жатышат.

Адатта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын аты-жөнү жана окуясы алардын жеке коопсуздугу үчүн ачыкка чыгарылбайт, бирок кээ бир кейстер ачыкталып, көйгөй канчалык курч экени көрүнүп турат.

Мисалы, карантин учурунда Ысык-Көл облусунда жашаган бир аял кичине балдарына байланыштуу “ишеним телефонуна” кайрылган. Күйөөсү жана кайындары аны үйдөн кубалап жиберип, балдарын алып калышкан. Дагы бир аял кошунасынын сексуалдык зомбулугуна кабылганын айтып кайрылган. Жардам сураган келиндердин дагы бири күйөөсүнүн жана кайындарынын ур-токмогуна кабылып жатканын айтып берген. Өлкө аймагы боюнча каттоого алынган мындай окуялар аз эмес.

“Сезим” кризистик борборунун маалыматына караганда, 2020-жылы карантин учурундагы бир ай аралыгында эле Бишкектен жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынан жардам сураган 92 кайрылуу түшкөн.

КРнын Теңчилик үчүн Коалициясынын мүчөсү болгон «Шанс» кризистик борборунун кызматкерлери да үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынан кайрылуу көбөйгөнүн белгилешти.

Алардын айтымында, 2020-жылдын биринчи жарымында эле жардам сурап телефон чалгандар он эсе көбөйгөн. Аялдар жакындарынын уруп-согуусуна, басымына жана зомбулуктун башка да түрлөрүнө кабылып, натыйжада ден соолугу жана психикалык саламаттыгы жабыркаган, алардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун изилдөөчүсү Хиллари Марголис Кыргызстанда зомбулукка кабылганын айтууга аракет кылган аялдар абдан катуу  басымга дуушар болушу коркунуч жаратып жатканын белгилөөдө.

Мунун баары коркуунун айынан, зомбулуктун курмандыгы арыз жазып, жазык ишин козгото ала турган мыйзам бар экенине жана ага карата жасалып жаткан ырайымсыз мамиледен арылууга жардам берүүчү кызматтарга карабастан болууда.

Бирок пандемия жана социалдык обочолонуу маалында жумушсуздуктун көбөйүшү, айлык маяна албай калуу, мектептердин жабылышы зомбулукка кабылып келген аялдардын коркунучун ого бетер күчөттү.

Ошол эле учурда, кризистик борборлордун адистери белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы биргелешип реакция жасоону күчөтүү маанилүү.

Бул чаралардын катарында алар өзгөчө кырдаал учурунда Шелтер кызматтарын калыбына келтирүү жана ылайыкташтыруу, иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу, укук тартибин коргоо жана медицина мекемелери менен, “базалык” деп эсептелүүчү жана өкмөттүн планына кирүүчү социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөр менен кызматташтык түйүнүн бекемдөө зарылчылыгын атап жатышат.

 

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *