«КАРГАШАЛУУ ИЮЛЬ»: майыптуулугу бар аялдын окуясы

55 жаштагы Айсулуунун  экинчи топтогу майыптыгы бар. “Мен да так COVID 19күчөп турган маалда оорудум. Тез  жардамды тааныштарым, жакын туугандарым  5-6 топ болуп чакырдык. Ошонун баарына тең келбейт. Жеке тез жардамды да чакырдык. Эртеси күнү да жок. Классташыма чалсам: “Айсулуу, сен аларды күтпөй, Исанов көчөсүндөгү Тез жардамдын кеңсесине өзүң бар, ошол жерден жардам берет” – деди.

Эртеси күнү Айсулуу Бишкектин Исанов көчөсүндөгү Тез жардам кызматы жайгашкан  жакка барып, укол алып келген. “Жакшы болуп калгам. Бирок кечинде өпкөм кыстыгып, кайра паника башталды. Түн ичинде жалгыз жаткам да, дем жетпейт. Тез жардамга кайра чалам, албай койсо кайра корком. Кесиптештерим, Москвадагы эжелерим да  баарылап коммерциялык тез жардамга чала башташты. Мен өзүм бармай болдум, шаарда транспорт жүрбөйт, коңшумду сурандым Фучик жактагы, түрктөр курган ооруканага чыктым. Жолдо өлүп кала жаздадым эле демигип,  бирөө мага аэрозоль берди. Эптеп жетсек ал жакта мени каттооң жок – деп [оорукана жайгашкан райондо катталган эместигим үчүн] киргизбей койду.  Кароолчусу эшикти жаап алды” – дейт Айсулуу ошол жайдагы окуяны эстеп.

Аркамдан келген коммерциялык Тез жардамдын баасы 2 000 сом экен, дарыгери мага дары жазып берди. Сол өпкөмдүн сатурациясы 83, оң өпкөмдүкү 93 экен. Дарыларды алып, кайра үйгө бардым да, ийне салдырдым.

Айсулуу бутуна байланышкан оорунун айынан бир ай мурда эле ооруканага жатып чыккан. Ошондуктан, ковид оорусуна чалдыкканда каражаты да жеткиликсиз болуп калган. “Дарыларды үч күнгө гана жазып бериптир. Аны алып бүткөн соң мен кайра ооруй баштадым. Көрсө дарыны 10 күн алыш керек экен да. Же дарыгер кантип дарыланышты толук айтып койбойт” – деп кошумчалайт ал.

“Москвадан эжелерим КТга түшүш керек деп, акча салышты.

Мени көнүгүү жаса дешти да. Мен же аны билбейм. Себеби мен бир ай мурда эле өпкөм таза деп чыккан болчу. КТда сол өпкөм пневмания экен деп чыкты. Ооруканага жатуу үчүн тааныш издедим. Эптеп таап, 10 күн дарыланып жаттым. Гепарин жана башка дарыларды алдым. Анан бир медайым: “Үйүңүздөн эле дарыланыңыз. Бул  жерде ооруп, өлгөндөр көп. Аны көрүп жаман болосуз” – деп көрдү.  Мен үйдө ийне салган киши жок – деп такыр болбой, кетпей койдум.

Мен ооруканада абдан таң калыштуу окуя болду. Жатканда бир аял жаткан эле. Кызыл зонага анын кызын да караганга жаткызды! Керек болсо акча болсо же тааныш болсо кызын деле киргизе беришет тура – деп калдым.

Дагы айтсам – дарыгерлер жазып берген дарыны ооруган кишиден: “мындай дарыңыз барбы?” – деп сурашат экен. Анан ооруган адам акыркы малын сатып болсо да алып келгенге аргасыз болот. А эгер жок десе гана өзүлөрүнүкүн сайышат экен. Бир сөз менен технично адамды дары алдырганга мажбур кылышат.

Мен жаткан ооруканага сырттан киши келбейт экен. Жалаң тааныштар же акчалуулар жатты. Бир сөз менен айтканда: “Таанышың болсо таңкасың, таанышың болбосо маңкасың” – экен дейт кошумчалап Айсулуу.

КР Теңчилик үчүн Коалициянын юристи тилек кызы Эльвира жарандардын дарылануу укугуна тоскоолдуктарды комментарийлеп жатып, Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо жаатындагы  бир катар алешемдиктерге токтолду.

Кыргызстан ратификациялаган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 12-беренесине ылайык, ар бир адамдын физикалык жана психикалык саламаттыгынын эң жогорку жетишүүсүн ишке ашыруу үчүн мамлекеттер төмөнкү иш-чараларды ишке ашырышы керек:

Ден соолукта болууга укук – деген саламаттыкты сактоо мекемелерде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жетиштүү көлөмдө болушу зарыл. Калктын бардык катмары, мигранттардын тобу үчүн дагы физикалык жана экономикалык планда басынтуусуз камсыздандырылышы керек.   Медициналык этикага жана  маданий критерийлердин принциптерине туура келиши зарыл. Илимий жана медициналык көз карашта туура келиши жана жогорку сапатта болушу шарт.

Мамлекет коронавируска байланыштуу саламаттык сактоонун бардык  кызмат көрсөтүүлөрү  басынтуусу жана стигмасыз камсыздалышы зарыл. Ички мигранттардын жашаган жерине катталганбы же каттоосу жокпу, бай-кедейине карабай жардам берилиши талап кылынат.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2021-жылдын 30-январында КРда COVID-19 диагнозу менен ооругандардын саны 84 453 адам, алардын ичинен 2020-жыл аралыгындагы  пневмонияны кошкондо көз жумгандардын саны 1411 адамга жеткен.

 

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *