ПАНДЕМИЯ МААЛЫНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК

Эксперттер үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып, Кыргызстанда абал эпидемия жаңы башталып, өзгөчө чаралар киргизилген чакта оорлогонун баса белгилеп жатышат.

КРнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январынан март айына чейин Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 2319 кайрылуу келип түшкөн. Бул 2019-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 65% жогору көрсөткүч.

Жабыркагандардын 95% — жаш курагы 21ден 50гө чейинки аялдар.

Укук тартибин коргоо органдары үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 105 жазык ишин козгоп, 214 убактылуу коргоо ордерин жазып беришкен.

Социологдордун айтымында, катталган окуялардын көпчүлүгү көрүнбөгөн бойдон кала берүүдө, себеби аялдар COVID-19ду жугузуп алуудан коркуп, жарааттарын ооруканадан каттатуудан баш тартып коюшкан. Көпчүлүгү милиция аларды коргобой коет деп ойлоп, зөөкүр менен кайра эле чогуу жашоого туура келеринен кооптонгондуктан укук тартибин коргоо органдарына арыз жазуудан коркушат.

Кыргызстандын бир катар өкмөттүк эмес уюмдарынын жана “БУУ-аялдар” комитетинин изилдөөчүлөрү COVID-19дун Кыргызстандагы эркектерге жана аялдарга таасири тууралуу баяндамасында бир катар сунуштарын келтиришти. Алардын арасында ыкчам гендердик чара көрүү, өзгөчө кырдаалдын (ӨК) кесепеттерин азайтуу аракеттерин камсыз кылуу үчүн мамлекетте так нускамаларды жана иш процедураларын калыптандыруу зарылчылыгы бар.

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *