БИШКЕКТИН БАЗАРЫНДА КОРОНАВИРУСТУН АЙЫНАН ЖАРАЛГАН СИНОФОБИЯ

БИШКЕКТИН БАЗАРЫНДА КОРОНАВИРУСТУН АЙЫНАН ЖАРАЛГАН СИНОФОБИЯ

«Катя…», – деп тааныштырды өзүн Бишкектин “Жунхай” базарында кийим-кече сатып иштеген кытайлык сатуучу келин. Ал жаалданган эркектер тобу анын контейнерине келгенин эстеп, сооданы токтотууну жана “бул жерден жогол” деп талап кылганын көзүнө жаш айланып айтып берүүдө.

Анын айтымында, ксенофобиянын туткунунда калган бир эркек жергиликтүү тургундар “коронавируска байланыштуу кытайлардан кооптонуп жатышканын” билдирген. Ошондон кийин, Катянын айтымында, ызырынган топтор базар аралап, кытайлык сатуучуларды ордун таштап кетип калууга мажбурлашкан. Кытайлык соодагерлер шашкан бойдон товарын катып, контейнерлерин жаап, кол салуудан корккондуктан базардан тез арада чыгып кетишкен.

“Жунхай” дүң базары Кыргызстандын борбору Бишкектин четинде жайгашкан, Борбор Азиядагы кийим-кече сатылуучу ири базар болуп эсептелген “Дордой” комплексине карайт. Дал ушул “Жунхайда” негизинен Кытайдан келген соодагерлер иштешет жана кытай товарлары көп сатылат.

Кытай жарандарын базардан кубалаган окуя 2020-жылдын 29-февралында болгон. Ал кезде Кыргызстанда карантин жарыялана элек болчу, ал эми COVID-19 тууралуу кабарлар ЖМКда гана айтылып, Кытайдын жарандарын “вирустун жайылтуучусу”, ал эми инфекциянын өзүн кытайлык деп атап жатышкан.

Жаңы вирус Кыргызстан менен чектеш коңшу өлкөдөн тараганы айтылып жаткандыктан Кытайдын жарандарына карата коркуу жана жек көрүү маанайы коомчулукта жана медиада күчөй баштаган.

Тынчтыкты орнотуу мектебинин мониторинг тобу Кыргызстандагы түрдүү азчылыктарга/социалдык топторго карата коомдук басмырлоо жана касташуу учурларын дайыма документтештирип турат. 2020-жылдын башында ал өзүнүн жылдык баяндамасында кытай этносундагыларга карата терсаяктык мамиле күчөгөнүн билдирген.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, аталган этникалык топко карата ксенофобиялык мамиленин деңгээли башкаларга караганда жогорураак болуп, мындай көрүнүш соңку беш жылдан бери байкалып келүүдө.

Мунун себептери ар түрдүү – “Кытайдын экономикалык экспансиясынан коркуу” дегенден, радикалдуу жана ашкере оңчул топтордун асылууларынан баштап толеранттуулуктун деңгээли дагы эле төмөн болуп, коомдун ар түрдүүлүгү канчалык маанилүү экенин түшүнүү жетишсиз болуп жатканына чейин.

Бул факторлор медиада, ачык дискуссияларда байкалган учурлар аз эмес жана натыйжада алар кайсы бир топко карата терс мамилени калыптандырат.

«Кытайлык соодагерлерди кубалаган окуя тууралуу жергиликтүү ЖМКлар маалымат беришти, бирок кытайлык жарандарга карата алардын этникалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу түздөн-түз басмырлоо болуп эсептелген мындай агрессиялык аракеттерге бийликтин реакциясы кандай болгону жөнүндө бир да сөз айтылган жок», – дейт Тынчтыкты орнотуу мектебинин жетекчиси Инга Сикорская.

«Базарда жумуш ордун таштап чыгып кетүүнү талап кылуунун өзү эле – кастык тили, басынтуучу лексика, бул түздөн-түз зомбулукка үндөшү мүмкүн», – деп кошумчалады ал.

Тынчтыкты орнотуу мектебинин эксперттеринин маалыматы боюнча, кытайлыктарга каршы мамиленин күчөшү 2019-жылы, Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кениндеги чырга байланыштуу кытайлыктарды Кыргызстандан депортациялоонун бир нече жүздөгөн тарапкеринин каршылык толкуну болгондо эле байкалган. Ошондогу окуянын кесепетинен кытайлык 20 жумушчу башынан жараат алып, мээси чайкалган.

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *