УЛГАЙГАНДАРГА КАРАТА АДАМКЕРЧИЛИКСИЗ МАМИЛЕ

УЛГАЙГАНДАРГА КАРАТА АДАМКЕРЧИЛИКСИЗ МАМИЛЕ

Эксперттер улгайган адамдардын басмырланышына жол бербөө керектигин эскертүүдө, анткени көбүнүн өнөкөт оорулары бар болгондуктан аларда COVID-19ду жугузуп алуу коркунучу жогору.

КРнын Теңчилик үчүн Коалициясынын изилдөөчүлөрү медициналык ресурстар өтө тартыш болуп турган чакта аларды бөлүштүрүүдө коронавирус оорусу өтүшүп кеткен улгайган адамдар басмырлоого кабылган учурларды каттоого алышкан.

Бул мезгил эпидемиянын негизги фазасына, 2020-жылдын июль айында Бишкекте жана Чүйдө COVID-19 тез жайылып кеткен учурга туш келген.

Саламаттык сактоо системасы ошол учурда ооруган адамдарды тейлөөгө жетишпей калган, себеби ооруканаларда орун тартыш болуп, кээ бир дарылар жок болуп, дарыгерлер үйүнө чакырган бейтаптарга бара албай, тез жардам же барбай, же бир нече күн кеч барып жаткан.

64 жаштагы Кенжегүл Чүй облусунун Кемин шаарынын тургуну. Ал Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮБМБ) жардам сурап кайрылган кезде эки өпкөсү пневмония болуп, денеси аябай ысып турган.

Анын айтымында, рентгенге түшкөнү барса кезек күткөндөр көп болуп, чакан жайда 150дөй адам топтолуп турган.

Андан соң дарыгерге кирсе, ал, Кенжегүлдүн айтымында, орой мамиле жасаган жана араң дем алып, эптеп басып жүргөнүнө карабастан “өпкөсүн тыңшап жатканда зиркилдеп, түртүп жибере жаздаган”.

«Дарыгерге баары бир болчу, – деп Кенжегүл ызаланып айтып берүүдө. – Мени карап жатып ал улам бир нерсеге алаксыды. Тамчылатып дары куюуга аскорбин кычкылын жазып берди. Оооруканага жатуудан баш тарттым, себеби кош көңүл мамиле жасаган ушул сыяктуу дарыгерлердин колунан каза болуп каламбы деп корктум”.

79 жаштагы Шайырбүбү Алдакуловна АлымкуловаЧүй облусунун Токмок шаарынын жанындагы Ак-Бешим айылында жашайт. Пенсионер аял пневмония болуп ооруп калганын рентгенден өтүп, 700 сомго анализ жасатканда билген.

Оору өтүшүп кетпеши үчүн ал дароо 10 күнгө жеке клиникалардын бирине жаткан. Кабыл алган дарыгерге 450 сом төлөп, кийинки ар бир күн үчүн дары-дармеги менен, бирок тамагын кошпогондо 2000 сомдон төлөп турмак.

Бирок жеке клиникада дарылануу кымбат болгондуктан ал акчасы жетишпей, беш күндөн кийин үйүнө чыгып кете берген.

«Мамлекет коронавируска байланыштуу медициналык тейлөөнүн баары эч кандай жерүүсүз жана басмырлоосуз болушун камсыз кылуусу керек эле,- дейт адамдардын ден соолукка болгон конституциялык укугу тууралуу билдирип КРнын Теңчилик үчүн Коалициясынын юристи Тилек кызы Эльвира.

Ошондой эле Коалициянын эксперттери бийликтегилерге пандемияга жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча социалдык, экономикалык жана гуманитардык чараларды иштеп чыгууда улгайган адамдардын кызыкчылыктарын эске алууну сунуш кылып жатышат. Бул үчүн жалпы жана бардыгына жеткиликтүү медициналык камсыздандыруу, социалдык коргоо жана татыктуу пенсия болушу шарт.

Булак: https://mapincidents.kg/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *