Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча алгачкы жолу отчет берди жана Жарандык коомдун пикирлерин алды

2020-жылдын 16-июль күнү Кыргызстан жогорку деңгээлдеги форум учурунда туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча отчет берди. Өкмөттүн отчету угулгандан  кийин, жарандык коом отчет жана өлкөдөгү кырдаал боюнча ой-пикирлерин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.  

Туруктуу өнүгүү деген эмне?

2015-жылы БУУна мүчө өлкөлөр тарабынан 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн чакырыгы жана адамдардын жыргалчылыгы менен өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө багытталган туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты кабыл алынган. Аталган максаттардын ичинде экономикалык, социалдык жана экологиялык блоктор бар. Өнүгүү чакырыгынын башкы принциби: Эч кимди артка калтырбоо.

Кыргызстан кандай отчет даярдаган?

Улуттук ыктыярдуу отчет – туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү прогрессти камтыган улуттук ыктыярдуу отчет. БУУнун Комитетине өлкөнүн милдеттүү мезгилдик   отчеттуулугунан айырмаланып, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча отчеттор ыктыярдуу болуп саналат.  Кыргызстан 5 жылдын ичинде биринчи жолу жана бардык 14 максат боюнча отчет берди, бул БУУ тарабынан дагы, башка көптөгөн өлкөлөр тарабынан дагы баса белгиленди. 

Жогорку деңгээлдеги саясий форум деген эмне?

Жогорку деңгээлдеги саясий форум – жыл сайын Нью-Йоркто өтүүчү (бул ирет онлайн) БУУнун иш-чарасы – диалог, тажрыйба жана БУУна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда алынган сабактарды алмашуу үчүн мейкиндик болуп келүүдө. Жыл сайын бир катар өлкөлөр өздөрүнүн максаттарга жетишүү ийгиликтери жөнүндө отчет беришет.

Жарандык коомдун пикирлери деген эмне?

Өкмөттүн отчетунан кийин башка өлкөлөр же кызыкдар тараптар ой-пикирлерин жана өздөрүнүн суроолорун бере алышат. Жарандык коомго адатта болгону эки мүнөт убакыт берилет. Жарандык коом улуттук ыктыярдуу отчетту талкуулоо жана процессинде айтылган жана “Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы” КЮЖ, “Алга” аялдардын коомдук уюму, “Бир Дүйнө Кыргызстан”, “Кыргыз Индиго” тарабынан даярдалган пикирлерге негизделген билдирүү менен чыкты. Соңку эки уюм Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү жөнүндө альтернативдүү отчетту даярдаган Теңдештик үчүн Коалициясынын бөлүгү болуп саналышат.

Билдирүүдө Кыргызстандагы экологиялык абалдын начарлап бараткандыгы, тобокелдиктерди жана каргашаларды алдын алуунун чабалдыгы, анын пандемия мезгилинде жарандардын өлүмүнө алып келгендиги жана бейтаптардын сапаттуу медициналык жардам алууга бирдей жеткиликтүү болбогондугу айтылат, системалуу ажырым, гендердик зомбулук күчөгөнү жана жарандык мейкиндик тарыганы белгиленет. Башкы жыйынтык – түзүмдүк бөгөттөрдү жок кылуу боюнча ырааттуу стратегиялык иштер дээрлик жок, ошондой эле, билим берүү стратегиясы, гендердик теңчиликти жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү каржылоого ээ эмес. Билдирүүдө “Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө,”  “БӨУ жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү, “Профсоюздар жөнүндө” дискриминациялык мыйзамдарга пикирге басмырлоого каршы мыйзамды кабыл алуу, ошондой эле, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча бюджеттин ачык-айкын бөлүштүрүлүшү,​ жарандардын маалыматка жана чечимдерди кабыл алууга жеткиликтүү болушу боюнча  сунуштамалар берилди.

Эл аралык милдеттенмелердин аткарылбагандыгы жана кыйноолордун жана басмырлоонун курмандыктарына карата БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин түшүндүрмөлөрүн аткарууну системалуу четке кагуу өзөктүү маселе болуп саналат.

Жарандык коом тарабынан берилген суроолор, сунуштамалар жана билдирүү менен тиркемеде кеңири тааныша аласыздар.

Билдирүү

Биз Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү умтулуусун колдойбуз. Кыргызстан БУУнун мүчөсү болуп саналгандыктан, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруусу зарыл. 

Экологиялык, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүү туруктуу өнүгүүнүн негизи болуп эсептелет.  

Климаттык өзгөрүүлөр, аба ырайынын бузулушу, чек аралык талаш-тартыштар Кыргызстанда негизги теңсиздиктердин  консолидациясына жана жаңы пайда болуусуна алып келүүдө. Бийлик бул маселелерди системалуу чечкен жок, уран калдыктары сакталган 92ден ашуун жайлар Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азияга кооптонуу жаратат.  

Кыргызстандын 33% ички дүң өнүмү которууларга туура келет. Мигранттардын которуулары COVID-19дун кесепетинен 15 – 50% төмөндөй турганы күтүлүүдө. Бул жумушсуздуктун жана жакырлыктын деңгээлин жогорулатат. 

Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана гендердик теңчилик чөйрөсүндө улуттук пландарды камтыган социалдык өнүгүү пландарын каржылоо жана адекваттуу жүзөгө ашырууга чектөөлөр бар. Пандемия маалында аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөшү,  демократиялык баалуулуктарга жана жарандык активисттерге кол салуу, диний фундаментализмдин өсүшү,  бийлик тарабынан антигендердик жана гомофобдук риторика, дискриминациялык мыйзамдардын илгерилетилиши – өкмөт тарабынан ыкчам аракеттерди көрүүнү талап кылат.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн:

· ​ ​ ​ ​ “Эч кимди артка калтырбоо” принцибин кармануу менен жалпы камтылган антидискриминациялык мыйзамды кабыл алуу;

· ​ Окутуунун ийкемдүү платформаларын колдонуу менен, жергиликтүү контекст үчүн ылайыкташтырылган, адаптацияланган окутуу материалдары менен инклюзивдүү окутуу пландарын өнүктүрүү;

· ​ ​ ​ ​ Саламаттыкты сактоо, билим берүү, гендердик зомбулукка каршы системага инвестициялоого артыкчылык берүү жана өзгөчө маргиналдашкан топторго даректүү жардам көрсөтүү менен COVID-19га каршы күрөшүү үчүн бюджетти ачык-айкын бөлүштүрүү;

· ​ ​Жарандардын баарысынын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жана баардык деңгээлдерде чечимдерди кабыл алууга катышуусун бирдей камсыз кылуу;

· ​ ​ ​  “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө,” “БӨУ жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү, “Профсоюздар жөнүндө” сунуш кылынган мыйзамдарды чакыртып алуу;

· ​ ​ ​ ​Адам укуктары жана бизнес маселелери боюнча БУУнун жетектөөчү принциптерин кабыл алуу зарыл.

Биз Кыргызстандын Өкмөтүнөн:

· ​ ​ ​ ​ Иштеген ишин жоготуп алган адамдар, анын ичинде мигранттар жана формалдуу эмес сектордо ишке тартылгандарды колдоо үчүн;

· ​ ​ ​ ​Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту төмөндөтүү үчүн;

.​ ​ ​ Курчап турган чөйрөгө келтирилген зыянды төмөндөтүү үчүн;

​ ·​ ​ Пандемия маалында билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону камсыз кылуу үчүн кандай кадамдар кабыл алына тургандыгын сурагыбыз келет.